218.11.2019  18:55

Быйылкы “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагында бир катар олуттуу жумуштар аткарылгандыгын айыл аймактын башчысы Марсел Коконов кезектеги тегерек столдогу жолугушууда кызыктуу кылып баяндап берди. Ал кездешүү “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган Өз жардам топторунун Биримдигинин активисттери менен өткөрүлдү.

-Биз өзүбүзгө 25 маселени негизги аткара турган иш планыбызга бекиткенбиз. Анын жыйырма үчүнүн өтөөсүнөн чыга алдык – деп, сөз баштады Акман айыл аймагынын башчысы Марсел Коконов. - Айрымдарын атап айта кетсем айыл аймактагы айылдардын негизги көчөлөрүн жарыктандыруу маселеси дээрлик чечилип калды. Ал эми, жаңы конуштарды толук электр энергиясы менен камсыздандыруу иштери улантылып жатат. Буюрса кышка чейин бул иш аягына чыгат. Бирок, айта кетүүчү жагдай, улам жаңы конуштарга чек берилип, жаштар турак жай салууну токтопой келишет. Андыктан жаңы тургузулган үйлөргө да электр жарыгын киргизүү жумуштары жүрө берет. Таза суу маселеси башкы көйгөй катары саналганы менен аны акырындап оң жолго салып баратабыз. Колот жана Таш-Булак айылдарын таза суу менен толук камсыздоонун үстүндө иштеп, долбоорлор жазылууда. Айыл аймакта үч Маданият үйү бар. Аларды толук капиталдык ремонттон өткөрүү жумуштары жүрдү. АБПлардын ишин жандандыруу маселесинде катуу иштедик. Себеби, акыркы кездери сугат суусу тартыш болуп, аны жөнгө салуучу АБПлар иштебей калды. Элибиз дыйканчылык менен тиричилик өткөрүп жаткан соң, сугат суусу бизге эң керек. Инвестиция тартуу маселесинде бизде жетиштүү тажрыйба бар. Айыл аймагы боюнча 13,5 чакырым ички көчөлөргө электр мамычалары орнотулду. Колот айылына ФАП курулуп, ишке берилди. Он эки кыз келинди жумуш орду менен камсыздаган тигүү цехи ишке киргизилди. Айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин алтымыш пайызы билим берүү тармагына жумшалат. Мектептердин ремонтуна, балдардын тамагына, мугалимдердин электр энергиясынын төлөмүнө жумшалат. Кайырма айылына элүү орундуу типтүү бала бакча курулуп бүттү. “Ас-Салам” фондусу менен кызматташуу улантылат. Быйылкы жылга айыл аймактын бюджети сегиз миллион сомго жетээрин кошумчалады. Айыл аймактын башчысы аткарылып жаткан жумуштардан кыскача малымат берген соң, тегерек столго келгендер суроолорун беришип, өздөрү жашаган аймактагы көйгөйлүү маселени кабыргасынан коюшту. Таш-Булак айылынын тургуну Сагынбаева Тажикан айым – бул айыл таптакыр каралбай, “өгөй баладай” гана мамиле болуп жатканын айтты. Себеби айылда тогуз жылдык мектептен башка эч кандай социалдык обьект жок. Жүздөн ашуун түтүн эл жашаган айылдын көчөсү жаман, таза суу түгүл, сугат суусу жок. Эл кудуктан суу ичишет. Айылга ФАП куруп койсо болбойбу?” - деди. Анын суроосуна айыл башчы “Силердин айылыңарга жанаша Сузак районундагы Ырыс жана Сузак айыл аймагынын тургундары жайгаша баштады. Жаңы айылдар пайда болот. Үч айыл аймактын жетекчилери макулдашып, социалдык обьектилерди биргеликте куралы деген макулдашууга келип жатабыз. Буюрса жаңы айылдарга жол салынат, бардык жакшы иштер болот.” - деп жооп берди. “Ак тилек” ӨЖТсынын мүчөсү Атаханова мырзайым йылдагы суу каптоолор, социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөрдү кароого алуу маселесин көтөрдү. Ал эми “Байчечекей” ӨЖТсынын мүчөсү Эркулова Рано өз үйүндө ачкан “Пазилат апа” эне мектебине жардам берүүсүн өтүндү. Себеби, отуз беш баланы камкордукка алып жаткан бул жайда электр энергиясына болгон төлөм маселеси, экотехинспекциясынын ар кандай кыйноолору аны тажатып жатканын айтты. Айыл аймагы кайсы бир денгээлде жардам берсе, кагаз иштерин тактоодо көмөк көрсөтсө деген оюн айтты. “Бул маселеде мыйзамдуу жагын карайлы” деген жооптуу берди айыл аймагынын жетекчиси. Мындан сырткары кадр маселеси, ички көчөлөрдү жарыктандыруу, сел арыктарды куруу, айрым чакан айылдарга башталгыч мектептерди куруу маселелери көтөрүлдү. Негизи бул активисттер койгон маселенин бардыгы орчундуу экенин белгилеп, мындан ары мындай кездешүүлөр тез-тез өтүп турарын айтты.

Ал эми кезектеги тегерек столдогу баарлашуу, “ийри олтуруп, түз кеңешүү” иш чарасын уюштуруп жаткан “Эрайым” АКБсынын координатору Боронбаева Кишимжан айым, “айыл аймак менен тыгыз иштеп, майда-барат маселени биргеликте чечүү жагдайында демилгелүү аракеттер улантыла берээрин” айтты. Ушул өңүттөгү жолугушуу Базар-Коргон айыл аймагында да болуп, чогулгандардын суроосуна аталган айыл аймактын башкы эсепчиси Амирбек Атакулов жооп берди. Белгилей кетели бул аймак райондун борбору катары эсептелет. Көп улуттан куралган кырк миңден ашуун калк жашайт. Социалдык инфраструктурасы да башка аймактарга салыштырганда кыйла жакшы жолго коюлган. Райборбор катары туш тараптан агылып эл келип, борбордук базарынан күнүмдүк тиричиликке керектүү нерселерин алып кетишет. Жергиликтүү калктын айтымында ушул жердеги базарда азык-түлүк, буюм кечелер кыйла арзан. Андыктан кошуна райондордон да келишет. Бул айылды шаар тибине өткөрүү маселеси азыр курч турган кези. Адегенде айыл аймактагы жасалган иштер жагдайында маалымат берип кетти. Анын айтымында айыл аймакта он орто мектеп, 12 балдар бакчасы, ар бир айылда ФАП бар. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, биргелешкен оорукана да иштейт. Элдин кызматына коюлган бир канча тейлөө жайлары бар. Айыл аймак дотацияда турбайт жана өзүн өзү каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошол себептүү жылдык бюджети 67 миллион сомго барат. Жаңы жылдан аны 70 миллионго жеткиребиз деген ниетте турушат. “Эгерде ушул сумма менен бюджетибизди бекитип ала турган болсок, айрым курулуш иштерин да жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болот”- деп сөз баштады А.Атакулов мырза -“Быйылкы жыл аралыгында бир топ жакшы иштер аткарылды. Алты чакырым жолубуз асфальтталды. Жаңы конуштарды жарыктандырууга үч миллион сом жумшалды. Эки бала бакча курулуп, ишке берилди.” - деп кошумчалады.

- Жогоруда белгилегендей келерки жылда Базар-Коргон кыштагы шаар статусун алуусу ыктымал. Бул маселе айыл аймагынын депутаттарынын кезектеги жыйынында каралып, колдоо тапкан соң, жогору жакка жиберилген. Бул маселе чечилип калса, жаңы жылдан баштап курулуш иштери күч алат. Негизги көчөлөрдүн катарында ички көчөлөр иретке келтирилет, жолдору оңдолот, жарыктандырылат. Айтор, шаар абалына келтирилет. Борбордук базар иретке келет. “Өнүктүрүү фондусунун” каржылоосу менен алты миллион сомго эки таштанды ташуучу атайын техника алышкан. Акыркы үлгүдөгү бул техникаларды сарамжалдуу колдонушуп, шаар ичин талаптагыдай таза кармаганга аракеттер болот. Дагы эки бала бакча курулат. Республикалык бюджеттин колдоосу менен айрым ички көчөлөрдү иретке келтирүү жумуштары улантылат. “Үч эмчек” деп аталган жаңы конуш пайда болот. Жер маселеси канчалык орчундуу турса да, ынгайын таап жаш үй-бүлөлөрдү жер участогу менен камсыз кылуу аракеттери улантыла берет. Элдин ынтымагын, достугун чындоо багытындагы ар кандай иш чаралар жүрөт. Негизи аталган айыл аймактын калкы мээнеткеч жана ынтымактуу. Мына ушул себептүү көп жакшы жүрүп жатат - деп белгиледи. Адистин берген маалыматынан соң тегерек столго келгендер суроолорун беришти жана ага тиешелүү жоопторду алып жатышты. “Насаатчы ”ӨЖТсынын мүчөсү Дүйшөнкулова Жамалдын берген суроосу орчундуу болду. Ал Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектепте иштейт. Бул билим уясы республикалык бюджеттен каржыланат. Бирок, анда иштеген муглимдер айыл аймакта жашашат жана тиешелүү салыктарды ушул жакка төлөп келишет. Ал эми кесиптик майрамдарда, кайсы бир даталуу күндөрдө мындагыларды айыл аймагы унутуп калат. “Жок дегенде алакандай кагаз менен эске алып койсоңор болот эле?” деди ал. Бул суроо жүйөөлүү экендигин айтып, “бул биздин катачылык, кийинки майрамдарда сөзсүз эске алабыз” деген жоопту берди. Ал эми Ташбаева Бактыкан райондук оорукана тарапта балдар бакчасы жок экендигин белгилеп, “ушул көчөнүн балдары бакчага барбай, кароосуз калып жатышат” деди. Бирок, ал көчөлөргө жакынкы жылдарда бала бакча куруу зарылдыгы жок экендигин айттуу менен кийинки жылдарга сунуштар киргизилээрин билдирди. Негизи айыл аймакта он эки бала бакчасы иштеп жатканы менен ал калктын муктаждыгын толук кандуу камсыздай албайт, мындайча айтканда кырк пайызга араң жетет. Демек, балдар үчүн мындай жай өтө зарыл. Бул жагдайдан алганда “Эрайым” АКБсы жакындан жардамга келип, эне мектептерин ачып жатат. Ушул айыл аймакта эле онго чукул эне мектеби иштейт. Анын бешөө бюджетке киргизилген. Менчик эне мектебин ачуу жагы да колго алынып жатат. Долбоордун эне мектептери боюнча тирекчиси Дилфуза Назаралиева ушул жагдайда суроо салып, иштеп жаткан мындай жайларга колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Эркин баарлашуу, орчундуу маселе, түйүндүү суроолорго жооп алуу маанайындагы кездешүүнү мындан ары да уюштуруу зарылдыгы айтылды.

1

2

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу