104.11.2019   11:54

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келе жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы ӨЖТ топтордон түзүлгөн “Курманжан Датка”, “Шарк”, “Керме-Тоо” Биримдигинин мүчөлөрүнө ушул жылдын 16-17-18-октябрь күндөрү “Эрайым”АКБси тарабынан ӨЖТ Биримдиктеринин өнүгүү жолу аталышындагы программада 3 күндүк окуу көнүгүм уюштурулду. Көнүгүмдү “Эрайым” АКБнин төрайымы Р.Жусупова жана машыкчы А.Кошумбаевдер өтүштү.

Биримдиктин мүчөлөрү окуу учурунда Биримдиктин өнүгүү жолдорун талдап анын руханий, материалдык баалуулуктарына жана ӨЖТ Биримдиктеринин келечеги, коркунучтарын карап чыгышты ошондой эле саясий режимдерден авториторизм, тоталитаризм, демократия туралуу кенен маалыматка ээ болуп, демократиянын индекси боюнча өлкөлөрдүн рейтингин аныкташып, биздин өлкөбүз өткөөл демократиялык өлкөлөрдүн бирине кирээрин билишти. Кара-Суу жана Базар-Коргон райондорунда түзүлгөн 80 ӨЖТ жана 6 Биримдиктин 4 багыты боюнча долбоордун 2-фазасындагы аткарган иштери жөнүндө таанышып чыгышты жана ӨЖТ, Биримдик озуйпалары, Курамага жетүү, ӨЖТ Банкын кантип ачуу тууралуу маалыматты ала алышты.

“Курманжан Датка” Биримдигинин “Даткайым”ӨЖТ мүчөсү Гүлсүн Бөрүбева окуу көнүгүм учурунда төмөнкү сунуштарга токтолду – айылдын өнүгүүсү үчүн жана чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүү максатында айылдагы активдүү ӨЖТ мүчөлөрүнөн жергиликтүү кеңешке депутаттыка сунуштоо керектигин айтып өттү. “Шарк” Биримдигинен “Гүлбахар”ӨЖТ мүчөсү Саодат Усманованын айтуусу боюнча Биримдикке кирбеген ӨЖТ мүчөлөрүн жигердентүү, аларды Биримдикке тартуу, кызыктар тараптар менен иш алып баруу, айыл өкмөттүн стратегиялык иш планы менен таанышып чыгып, андан соң иш чараларды өткөрүү туралуу ойлорун сунуштады. Ал эми “Керме-Тоо”Биримдигин мүчөлөрү Биримдикти өнүктүрүү үчүн кичи долбоордорду жазуу, өнөктөштөрдүн иш-чараларына катышуу жана тажрыйба алмашууларды уюштуруу тууралуу сунуш-пикирлерин билдиришти. Сонунда ӨЖТ Биримдик мүчөлөрү өнүгүү үчүн Биримдикке биригүү - бул башталыш, Биримдикте калуу – бул өнүгүү, Биримдикте иштөө – бул ийгилик деп бардык мүчөлөр ураан кабыл алыштып, мындан ары үч Биримдиктин мүчөлөрү Курамага жетүү жана ӨЖТнин Банкын ачуу үчүн максат коюшту.

2

3

4

5

6

7

8

9

Эрлан Давлатов, Ош облусу