130.10.2019   16:16

Германиянын “Дүйнөгө Нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым” уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы социалдык кызматкерлерге жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчүлөрүнө, ак халатчан айымдарга ушул жылдын 14-октябрынан 18-октябрына чейин беш күндүк психологиялык көнүгүмдөрдүн курсу өткөрүлдү.

Көнүгүмдөр курсунун программасы өзүнө “Балдардын ишенимдүү жүрүм-турумун калыптандыруу”, “Балдардын инсандык өсүшүн калыптандыруу”, “Балдардын психологиясынын кээ бир маселелери жана өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрү” темаларын камтыды жана аны тажрыйбалуу психолог, дасыккан машыкчы Чынара Термечикова жогорку деңгээлде өткөрүп берди. Көнүгүмдөргө 23 катышуучу жигердүү катышты.

Көнүгүмдөрдүн курсунун максаты - долбоорго кирген айыл аймактарындагы жооптуу кызматкерлердин жарандар менен иштөө дараметин күчөтүү жана алардын балдар психологиясы боюнча билимин жогорулатуу болуп саналат.

Окуунун жүрүшүндө жаш-өспүрүмдөрдү тарбиялоодо орун алган орчундуу көйгөйлөр, ар кандай топтодогу балдардын (мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, девианттуу жүрүм турумдагы балдар) ырайымсыз мамилеге дуушар болгон учурларында кандайча жардам көрсөтүү керектиги жөнүндө маселелер талкууланды. Балага карата ата-эненин жакшы мамилеси анын психологиялык жактан сак-саламат өсүүсүнө жана коопсуз болуусуна шарт түзөөрүн американын белгилүү психологу Гарри Харлоунун экспериментинен видеоролик аркылуу көрө алышты.

Катышуучулар бала бакчадагы балдарга жакшы мамиле кылган ата энелер билинип турарын билдиришти. Социалдык адистер ар бир экинчи үй бүлөдө ата энелери миграцияга кетип, туугандары балдарга катаал мамиле кылышат деп ой бөлүшүштү. Катышуучулар өздөрүнө керектүү болгон психологиялык пайдалуу ыкмаларды өздөштүрүп, окуунун жүрүшүндө бири-бири менен тажрыйба алмашып, керектүү болгон маалыматтарга ээ боло алышканын жана аны өздөрүнүн турмушунда жарандар, өспүрүмдөр менен иш алып барууда максаттуу пайдалана аларын белгилешти.

Окуунун соңунда катышуучуларга курсту ийигиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырды.

2

3

4

5

6

7

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу