Ийримдер өз ишин ийгиликтүү баштады
27.09.2019 17:08
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келе жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл амактарындагы №16-Абу Али ибн Сина, №86-Курманжан Датка, №117-К.Маткеримов атындагы орто мектептеринде уюшулган англис тил жана этноансамбль ийримдери өз ишин ийгиликтүү баштады.
Аталган ийримдерди Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алып долбоор алкагында этноансамбль ийриминин жаш таланттары үчүн ар улуттардын музыкалык аспаптарынан рубоб, дойра, комуз, ооз комуз, асса таяк, көөкөр, тай туяк, шылдырак аспаптарын алып беришти. Ал эми англис тил ийримине балдардын заман талабына жараша билим алуусу үчүн атайын англис тилиндеги көргөзмө куралдар алынды ага жалпы 31 300 сом жумшалганын жергиликтүү тирекчи Икрам Исраилов тастыктады.
Мындай колдоонун максаты жана иш аракети балдар арасында эн биринчи ынтымак, достук, биримдикти ар улуттун музыкалары, бийлери, ырлары аркылуу чыңдоо жана бекемдөө менен жашоо шарты оор болгон үйбүлөнүн балдарын ийримге катыштырып окутуу аркылуу билим денгээлин көтөрүү, жашоого болгон көз караштарын өзгөртүү керектигин жана жакшы шарттар түзүлгөнүн кубануу менен ийрим жетекчилер белгилесе ал эми ата-энелер жана БӨЖТ мүчөлөр “Эрайым”АКБсына жана “Дүйнөгө нан” уюмуна өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Эрлан Давлатов, Ош областы