Өзгөчө бала
27.09.2019 16:15
Бийназар Абдиев Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинде бешинчи класстан бери билим алды. Ал башталгыч класста окуп жүргөндө өтө түнт, көпчүлүккө аралашпган, тартынчаак бала болгон. Мунун сырын тайэнеси Сыргабаева Паринса айым мындайча түшүндүрдү:
- Бийназар менин кызымдын уулу. Кызым жолдошу менен Бийназар жаш кезинде эле ажырашып кетип, экөө эки жолго түшүшкөн эле. Кичинекейинен мен бактым. Ал мени “апа”, тайатасын “ата” деп чоңойду. Биз аны эч нерседен кем кылган жокпуз. Аябай жакшы көрүп, өз балдарыбыздан да артык кылып өстүрө баштадык. Бир күнү үйүбузгө дагы бир кызымдын уулу келип калып, ага “сенин ата энең башка, булар сага тайата, тайэне болушат” деп айтып коюптур. Уулум менден сурады. Мен ачыгын айттым. Ошондо уулум, “мен чоңоюп, атамдан өч алам” деди. “Кантип?” десем, “атамды союп салам” дейт. “Кой уулум, антпе, эгер аны сойсоң сен түрмөгө түшөсүң, анан өмүрүң түрмөдө өтөт, андан көрө башкача өч ал” дедим. “Кандай, мага кеңеш бериңиз?” деди. “Жакшы оку, тартиптүү,акылдуу, билимдүуүбала болуп, көп-көп ийгиликтериң менен өч алгын” деген кеңеш бердим. Ошондон кийин уулум башын көтөрүп, жакшы окуп, активдүү боло баштады-дейт, Паринса айым.
Ырас, Бийназар сабагынан жакшы окуду, жатак мектептеги бардык коомдук иштерге активдүү катыша баштады. Анан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тартып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө “ долбоорунун алкагында уюшулган Балдардын өз жардам тобуна алгачкылардан болуп катыша баштады. Бирге окуган классташтары менен биргеликте “Ак Илбирс” БӨЖТсын уюштурушуп, мектептеги көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышып,аны чечүүнүн жолун издешти.Ар кандай маданий массалык иш чараларды уюштурушту. Бул топ жатак мектептеги алдыңкы БӨЖТлардан болду. Ал эми Бийназар өзүн адам ден соолугунун сакчысы болгон дарыгер болууга даярдана баштады. Бул үчүн ал химия, биология, математика сабактарын өзгөчө өздөштүрүп, предметтик сабактар боюнча өтүлгөн райондук олимпиадаларга катыша баштады. Химия сабагынан райондо да, областта да биринчи орунга жетти. Кошумча мугалимдерден сабак алып,орус жана англис тилин да мыкты өздөштүрүп алды. Ал быйылкы окуу жылда он биринчи классты аяктап, республикалык ЖРТда эң жогорку, тактап айтканда, 213 балл алып, ал Кыргыз улуттук медициналык академиясында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетти. Бир кездеги “өч алуу” деген ички туюму, аны эң сонун ийгиликтерге жетеледи. Анын мындай ийгилигин Базар-Коргон райондук администрациясы кубаттап, беш миң сом акча каражаты, райондук Билим берүү бөлүмү Ардак грамота менен сыйлады. Акман айыл аймагынан чыккан жеке ишкер Акынбеков Эрлис да ага материалдык колдоо көрсөттү.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу