127.09.2019  15:23

Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Карача айылындагы Саймаале жаңы көчөсүндө бир топ чечилбеген көйгөйлөр бар. Жаңыдан түптөлүп келе жаткандыктан айыл эли да бир катар маселени өздөрү эле чечип алууну, жергиликтүү бийликке жардам берүүнү чечишкен.

Мында ушул айылда “Эрайым” АКБсы аркылуу ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө”долбоорунун алкагында түзүлгөн “Мээрим” өз жардам тобунун кыз-келиндери демилге көтөрүшүп, көчөгө электр жарыгын киргизүү үчүн электр мамычаларын орнотууну сунушташкан. Тургундардан 75 миң сом акча каражаты жыйналып, мамыларды сатып алышты. Аны орнотууну да өздөрү колго алышып, жолдоштору кол кабыш кылышты. Негизи көчө эли жапа тырмак иштешип, техниканы да өздөрү тапты жана улуу-кичүүлөрдүн көмөгү менен бир көчөгө 27 даана электр мамычасын орнотушту. Ар бир мамычанын аралыгы 45 метрди түздү. Бул дегендик бир көчөгө толук орнотулду. Эми дагы каражат жыйнашып, мамычага чайнек жана электр зымын алышат Мындан сырткары жол жана таза суу маселеси да бар. Айыл өкмөттүн жетекчилигине “Мээримчилер” дагы кулак кагыш кылып, бул маселени да жөнгө салабыз дешет.

2

3

4

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу