1

24.08.2019  17:24

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн ӨЖТ Биримдиктери финансылык туруктуулукту аркалап, киреше алып келүүчү кичи жана орто ишкерликтерди ача башташты. Мындай саамалыктын бири Ош дубанына караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы “Курманжан Датка” Биримдиги ишке киргизген “Балчылык” ишкерлиги болуп саналат.

Адегенде “Балчылык” ишкерлигинин сырларын өзөштүрүү үчүн аталган Биримдиктин курамындагы «Ак ниет», «Тумар» жана «Даткайым» ӨЖТнун мүчөлөрү “Энактус” уюмунун ыктыярчылары тарабынан атайын уюштурулган көнүгүмгө катышышып, кеп-кеңештерди алышты. Бул ишкерликти уюштуруу максатында ишкерлик болжом иштеп чыгышып, ортолук сактоолуктардан 90000 сом, өздүк салымдардан 129000 сом сарпташты жана 100000 сом “Эрайым-Береке” кичи насыя агентигинен насыя алышты. Жалпы чогултулган 319000 сом акча каражатына 50 бал челек, бал аарыларды, бал жыйноочу шаймандарды жана дары дармектерди сатып алышып, балчылык ишкерлигин ишке киргизишти. Бул ишкерликтин алкагында 50 бал челектен 240 кг бал тартышып, килограмын 330 сомдон сатып өткөрүшүп, биринчи жылдын эсебинен 79200 сом киреше ала алышты.

“Биз “Энактус” уюмунун мүчөлөрү менен алгач “Роза Отунбаеванын Демилгелери” эл аралык фонду уюштурган жыйындын алкагында таанышканбыз. Алар “Эрайым” уюмуна өнөктөш катары ӨЖТнун ичинен чыккан ишкерлерге балчылыктын сырларын үйрөтүшүп, азыркы күнгө чейин кеп-кеңештик колдоо көрсөтүп келе жатышат. Биз бул ишкердикти жаңыдан эле өздөштүрдүк. Ушул деңгээл менен гана токтобостон келечеги балчылыктан дагы эки жолу түшүм алууну болжол кылуудабыз”, - дейт “Ак ниет” ӨЖТнун мүчөсү Санжыра Пусурова.

2

3

4

Эрлан Давлатов, Ош облусу