“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун 3-фазасы өз ишин баштады
31.07.2019 16:16
2014-жылдан бери Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып келе жатакан “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын Түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасы дагы 3 жылдык мөөнөткө узартылды.
Долбоордун бул фазасы 2019-жылдын июль айынан 2022-жылдын июль айына чейин колдоого алынды. Белгилей кетсек, долбоордун экинчи фазасы 2017-жылдын январынан 2019-жылдын июнь айына чейинки 2,5 жылдын аралыгында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл-Кыштак жана Мады айыл аймактарында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Акман айыл аймактары менен Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов жергиликтүү аймактык башкаруусунда ишке ашырылып келген.
“Долбоордун үчүнчү фазасында кээ бир өзгөрүүлөр дагы орун алды. Атап айтсак, экинчи фазада иш алып барган Форум театр, Лидерлик жана Орус тили ийримдери кыскартылган болсо, долбоордун компоненттерине жаңылык катары талаш-тартыш маселелерди сотко жеткирбей чечүүдөгү эффективдүү инструменттердин бири болгон медиация (данакерлик) ыкмасы киргизилди. Бул багытта ӨЖТнун мүчөлөрүнөн үй-бүлөлүк жана жамааттык медиаторлор даярдалып, алар аркылуу жергиликтүү жарандардын чыр-чатак, талаш-тартыш маселелерин сотко жеткирбей тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен өз алдынча чечүү маселеси каралат. Бул өз кезегинде долбоор аймагында тынчтыкты, элдердин ынтымагын бекемдөөгө, үй бүлөлөрдүн сакталышына чоң салым кошот.” – дейт “Эрайым” АКБнын жетекчиси Рахила Жусупова.
Долбоордун аракеттеги фазасы “ӨЖТнун Биримдиктеринин дараметин көтөрүү”, “Психологиялык, укуктук жардам көрсөтүү жана медиация” жана “Эне мектептерин күчтөндүрүү” компоненттерин өзүнө камтыды.
Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад дубандарынын Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак, Базар-Коргон, Акман айыл аймактарынын, Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов жергиликтүү аймактык башкаруусунун ар улуттан турган төмөндөгү курамдагы жарандары долбоордун түз керектөөчүлөрү катары аныкталды:
- чоңдордун 80 ӨЖТнун 712 мүчөсү (жынысы 90% аял, 10% эркек; улуту боюнча 67% кыргыз, 28% өзбек, 3% түрк, 2% башка улуттар; социалдык статусу 65 % жакыр, 5% өтө жакыр, 30% орто).
- 6 ӨЖТнун Биримдиктеринин 318 мүчөсү (жынысы 90% аял, 10% эркек, улуту 65% кыргыз, 30% өзбек, 3% түрк, 2% башка улуттар; социалдык статусу 62% жакыр, 10% өтө жакыр, 28 % орто жакыр).
- мектеп окуучуларынын 60 ӨЖТнун 606 мүчөсү (жынысы 58% кыз бала, 42% уул бала; улуту - 67% кыргыз, 23% өзбек, 8% түрк, 2% башка улуттар; социалдык статусу: 60% жакыр, 10% өтө жакыр, 30% орто жакыр).
- 40 эне мектептеринде тарбияланып жаткан 1661 мүчөсү (жынысы 82% кыз бала, 83% уул бала, улуту 60% кыргыз, 35% өзбек, 3% түрк, 2% башка улуттар; социалдык статусу: 65% жакыр, 3% өтө жакыр, 32% орто).
Жогоруда аныкталган түз керектөөчүлөрдөн сырткары, долбоордун төмөндөгү кыйыр керектөөчүлөрү аныкталды:
- Чоңдордон жана мектеп окуучуларынан түзүлгөн 140 ӨЖТнун мүчөлөрүнүн үй-бүлөсү (орто эсеп менен 840 адам);
- 40 эне мектептебинде тарбияланып жаткан 2110 баланын ата-энелери;
- Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак, Базар-Коргон, Акман айыл аймактарындагы,Ч. Айтматов жергиликтүү аймактык башкаруудагы социалдык жактан жардамга муктаж 3628 (22%) үй-бүлө, 1788 (0,86%) социалдык жетим балдар (196 458 жашоочудан);
- Долбоорго камтылган Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак, Базар-Коргон, Акман айыл аймактарынын, Ч.Айтматов атындагы жергиликтүү аймактык башкаруунун аткаруучу жана чечим чыгаруучу органдары;
- Долбоорго камтылган аймактагы балдарга билим берүүчү мекеменин 309 мугалим жана 4841 окуучулар;
- Долбоорго камтылган айыл аймактарынын жарандары (196 458 жашоочу).
Долбоор жыйынтыгында жарандык институт катары туруктуу иштеп жаткан ӨЖТнун Биримдиктери жергиликтүү бийлик менен биргеликте кызматташуу аркылуу элдин этносторго бөлүнбөй биримдикте, бакубат турмушта жашоосуна көмөк көрсөтүшүп, аймактагы достук мамиленин жана ынтымактын бекемделишине олуттуу таасир беришет.
Эрайым Пресс