122.04.2019  15:47

2019-жылдын 20-апрелинде Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун каржылоосунда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Ош жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Өз жардам топторунун, Балдар өз жардам топторунун жана Эне мектептеринин эки облустагы ишмердүүлүгү боюнча Ош шаарында тажрыйба алмашуу иш чарасы өттү.

Анын максаты жергиликтүү деңгээлде элдин тынчтыгын, ынтымагын, достугун, биримдигин бекемдөө жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүүдө ӨЖТ жана ӨЖТ Биримдиктеринин тажрыйба алмашуусу аркылуу алардын өнүгүшүнө багыт берүү. Ага “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахила Жусупова, уюмдун ӨЖТ боюнча эксперти Абдылас Кошумбаев, долбоордун эне мектептери боюнча эксперти Дильнара Майгулаковалар катышышты. Иш чарада ӨЖТлар жана ӨЖТ Биримдиктеринин тастыктамасына ылайык экономикалык, социлдык, маданий, шыкактоо жана талам талашуу, экологиялык багыттардагы ишмердүүлүктөрү аркылуу элдин тынчтыгын, ынтымагын, достугун, биримдигин бекемдөөдөгү иш-тажрыйбаларын бири-бири менен бөлүшүү жагы каралган. Жыйынды “Эрайым” АКБсынын жетекчиси Рахила Жусупова ачты жана кеңири мазмуунда сөз сүйлөдү.

- Жалпыңыздарга жакшы маалым болгондой биздин уюм 1996-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келсе, Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин бул аймакта биз ишмердүүлүгүбүздү күчөттүк. Багытыбызды элдердин ортосундагы достукту, биримдикти, ынтымакты чыңдоого, кагылыштан улам психологиялык жактан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүүгө, алардын укугун мыйзам чегинде коргоп, юридикалык жардам берүүгө, элеттик калктын өз демилгеси аркылуу көйгөйлөрдү чечүүгө багыттадык. Бул багытта 2014-жылга чейин Швецариялык уюм менен иштешип, балдардын психологиясын калыбына келтирүү, балдарга ысык тамак уюштуруу иштерин алып бардык. Ал эми 2014-жылдан бери Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму менен иштешип келе жатабыз. Мындагы максатыбыз долбоордун аты айтып тургандай салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө, чоңдорго жана балдарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү, балдардын жана чоңдордун жакшы жашоого болгон аракеттерин шыкактоо, аларга дем берүү, демилгелерин колдоо, чыгармачылыгын арттыруу. Ошону менен бирге айылдагы башкы көйгөй болгон Балдар бакчасынын ролун аткаруучу эне мектептери аркылуу кичинекейлерди тарбиялоо, элет энелерине жардам берүү. Бул долбоор башталганда эле ийгиликтүү кадам таштай алды деп айта алам, себеби, долбоордун биринчи фазасы 2014-жылдан 2016-жылдын аралыгын камтып, төрт компонент боюнча үч жылда биз алдыга койгон максатыбызга жете алдык. Атап айтсам, эки облустан долбоорго камтылган Кара-Суу районунун Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарынан, Базар-Коргон районунун Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарынан жана Жалал-Абад шаарынын Чынгыз Айтматов аймактык башкармалыгынан 80 өз жардам топторун, долбоорго кирген аймактардагы мектеп окуучуларынан 60 балдардын өз жардам тобун түзүп, иш багытыбызды төрт компонент боюнча жүргүзүү башкы максатыбыз болчу, биз ага жетиштик. ӨЖТ жана БӨЖТлар беш, же экономикалык, экологиялык, социалдык, шыкактоо жана маданий багыт боюнча иш алып барышты. Эне мектептерин түзүү, юридикалык жана психологиялык жардамдарды көрсөтүү боюнча да максаттуу жумуштар жасалды. Ал эми долбоордун экинчи фазасы 2017-жылдан 2019-жылдын июнь айына чейинки убакытты камтып, мында биз мурдагы аракеттерибизди толук кандуу улантуу менен эки облустун ар бириндеги 36 ӨЖТдан бирден ӨЖТ Биримдигин түзүп, жалпы алты Биримдик уюшулду. Муну менен биз өз тылыбызды мурдагыдан да бекемдеп, ар бир ӨЖТлар ички каражаттарын чыңдашып, баягыдлай эле беш багыт менен иш алып барышты. Силер өтө көп жана опол тоодой жумуштарды жасадыңыздар. Биз элдин ынтымагын, биримдигин жана достугун чыңдай алдык. Демилгелер көтөрүлүп, биз менен өнөктөш болгон тараптар менен тыгыз иш алып бардыңыздар. Бүгүнкү тажрыйба алмашуу иш чарасы мына ошол долбоордун жалпы беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, алдыга коюлган багыттар боюнча болот. Алдыдагы дагы бир башкы максаттарыбыздын бири ӨЖТлардын түйүнүн жана эне мектептердин ресурстук борборун түзүү. Ошондо эки облуста эки ресурстук борборун жана эки түйүн түзүүбүз зарыл. Ал борборлор жана түйүндөр мындан аркы жумуштарыбызды туура жана так алып барууга чоң көмөк берет. Биз ага азыр даяр болуп калдык – деп, сөзүн аяктады Рахила Жусупова.

"Эрайым" АКБнин төрайымы, Рахила Жусупова

6

Андан соң долбордун Жалал-Абад облусу боюнча ӨЖТ тирекчиси Кишимжан Боронбаева бул аймакта жасалган иш багыттар боюнча кеңири маалымат берди. Анын белгилөөсүндө Базар-Коргон районундагы долбоорго кирген Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарында 3 ӨЖТ Биримдиги түзүлүп, азыр ал топ максаттуу жумуштарды жасап жатат. Жалпы ага 167 мүчө кирген, алардын 70 пайызы кыргыз, 22 пайызын өзбек, 10 пайызын башка улуттар түзөт. ӨЖТлардын демилгеси менен эне мектебин ачуу жана ишке киргизүү, жолдорду оңдоо сыяктуу социалдык маселелер менен бирге достукту, ынтымакты чыңдоо багытындагы ар кандай маданий иш чаралар өтүп келе жатат. Ушундай эле багытта Ош облусу боюнча ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева да маалымат берип, долбоорго кирген аймактардагы 36 ӨЖТнын 3 биримдиги уюшулуп, ага 150 мүчө тартылган. Өнөктөштөр менен кызматташтык жакшы жана биргеликте бир канча социалдык көйгөйлүү маселени чечүү менен элдин достугун, биримдигин чыңдоодо алгылыктуу жумуштар аткарылып жатат – деп, белгиледи.

Боронбаева Кишимжан, Базар-Коргон району боюнча долбоордун ӨЖТ тирекчиси

Дюшеналиева Нарынкул, Кара-Суу району боюнча долбоордун ӨЖТ тирекчиси

Мында Социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү иш тажрыйбалар боюнча “Периште” ӨЖТсынын жетекчиси Сатыбалдиева Магрипа, “Радуга” ӨЖТсынын жетекчиси Джурабаева Мархабо, кичи ишкерликтеги ийгиликтер боюнча “Жаштар” ӨЖТсынын мүчөсү Суранбекова Шербет, “Гүлбахор” ӨЖТсынын мүчөсү Артык кызы Одина, шыкактоо жана талам талашуудагы жетишкендиктер боюнча “Максат” ӨЖТсынын мүчөсү Адилова Асылбү, “Ак ниет” ӨЖТсынын мүчөсү Пусурова Санжыра, билим жана коом багыты боюнча “Жаштар ” ӨЖТсынын мүчөсү Турдукулова Нурзада, “Оомат” ӨЖТсынын мүчөсү Адыкова Касият, тынчтыкты бекемдөө жана өнүктүрүүдөгү ийгиликтер боюнча “Насаатчы” ӨЖТсынын мүчөсү Дүйшөнкулова Жамал, “Навбахар” ӨЖТсынын мүчөсү Нишанова Авахан, “Дам-1” ӨЖТсынын мүчөсү Тургунова Мамлакатхандар бири-бири менен тажрыйба алмашуу багытында маалыматтарды беришти. Ар бири аткарган иш чаралары менен биргеликте жетишкен ийгиликтеринен кеп салышты. Мында бири-биринен көптү үйрөнө алышканын, мындай тажрыйба алмашуу иш чаралары дагы да өткөрүлсө, көп пайда алып келээрин да белгилеп жатышты.

4 1

4

5 1

5

Ошондой эле бул иш чаранын алкагында эне мектептери боюбнча долбоордун тирекчилери Назаралиева Дилфуза, Жолдубаева Гүлкайыр, БӨЖТ тирекчилери Пирматов Максат, Мамажанова Кыялдар да өз иш багыттары туурасында кеңири айтып беришти. Ар бир чыгып сүйлөгөндөрдүн маалыматы слайд-шоу менен коштолуп турду. Ал эми долбоордун эне мектептери боюнча эксперти Дильнара Майгулакова жалпы ийгиликтерге токтолуп, эки облустагы эне мектептеринин жасап жаткан жумушу азыркы кезде эң керектүү экендигин белгиледи. Айылда эле эмес, шаар жеринде да дээрлик мигранттардын балдары кароосуз калып жатат. Ошондой эле акыркы кездери балдардын жоголуу фактысынын көбөйүп жаткандыгы да ушундай эне мектептерин ачууга себеп болууда – деп белгилеп, өзү эмгектенген Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушундагы №186 Балдар бакчадагы ийгиликтер, жетишкендиктер менен катар өз иш тажрыйбаларынан бөлүштү. Долбоордун алкагындагы эне мектептерин түзүүдөгү окутууларга, талам талашуу жана шыкактоо багытындагы жүргөн көнүгүмдөр жана алардын пайдасы, тажрыйба алмашуу иш багыттарына да токтолду. Эне мектептеринин ресурстук борборун түзүү сунушун колдой тургандыгын билдирип, анын пайдасы боюнча да айтып берди. Уюмдун эксперти Абдылас Кошумбаевдин иш чарага келген ӨЖТ активдеринин алгачкы жумуш баштаган жылдардагы көз караштары жана азыркы кездеги айырмачылыктарга, алардын демилгелүү аракеттерине, жакшы жашоого болгон көз караштары жана умтулууларына, жетишкендиктерине токтолду. Ошондой эле ӨЖТлардын түйүнү боюнча маалымат берди. Анда белгиленгендей түйүн ыктыярдуу, автономиялуу, бузулбаган, өз ара жалпы биргелешкен иш чараларды ишке ашырат. Ал уюмдардын өз ара кызматташуусун жеңилдетет, такталган иш тажрыйбаларды бөлүшөт, чечимдери регионалдык денгээлде таасир бере тургандыгын белгиледи.

5 2

Иш чаранын соңунда анын катышуучулары ӨЖТлардын түйүнүн жана эне мектептеринин ресурстук борборун түзүү сунуштарын колдой тургандыктарын билдиришти. Ал эми мындагы жагымдуу жагдай долбоордун экинчи фазасында мыкты көрсөткүчкө жеткен ӨЖТлар жана алардын бир катар мүчөлөрү сертификаттар менен сыйланышты.

6 1

7

8

9

10

11

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА долбоордун PR адиси