“Эрайымдын” колдоосу менен көйгөйүн чечкен айым
26.04.2019 11:50
Халикулова Феруза Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну. Жалгыз бой жашайт. Үч баласын өзү жалгыз багып келе жатат. Эң кичүү уулу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарында. Аны чоңойтуу үчүн да Феруза айым көп кыйынчылыктарды тартып келет.
Ал “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында иш алып барып жаткан Жалал-Абад облусу боюнча юристи Гулнара Ташиевага кайрылып, укуктук жардам сураган. Себеби, ал эч жерде иштебегендиктен каражат жагынан кыйналса, ошол эле мезгилде балдарына жөлөкпул да ала албай келген. Адегенде долбоордун кызматкерлери аны Базар-Коргон айылындагы өз жардам тобуна мүчө катары кабыл алышып, ошол эле мезгилде ага 4000 сом каржылык жардам көрсөтүштү.
2018-жылдын аягында Кыргыз Өкмөтү тарабынан багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө Жобо кабыл алынган. Ага ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери “жеке ассистент” социалдык кызматын аткара алат. Аталган жобону жетекчиликке алып, долбоордун укуктук кеңешчиси Халикулова Ферузаны “жеке ассистент” социалдык кызматына орноштурууну жол жоболоштууга жардам берди.
Учурда Халикулова Феруза жеке ассистент катары ай сайын минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө 4900 сомдон айлык маяна алууда. Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары реаблитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Бул майыптуулугу бар баланын жашоо сапатына жана өөрчүшүнө оң таасирин тийгизет.
- Мен “Эрайым” уюмуна жана мага өзгөчө жардам берип, мен үчүн туш тарапка жүгүрүп жүрүп, тиешелүү документеримди жасап берген Гүлнара Ташиевага терең ыраазымын. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулумду дарылатууга да каражат топтой баштадым. Балдарым ысык тамакты кенен ичип, татууларды кенен жеп башташты - деп, кубанат Феруза айым.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу