111.04.2019  10:15

Ушул жылдын 5-6-апрелдеринде “Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районуна караштуу Шарк жана Мады айылдарындагы №86-Курманжан Датка, №16-Абу Али ибн Сино атындагы орто мектептеринде кайрымдуулук иш чарасы уюштурулду. Иш-чара “Эрайым” уюмунун демилгеси менен уюштурулуп, Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун катышуусу менен өткөрүлдү.

Иш-чарага ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү жана мектеп мугалимдери активдүү катышты. Алгач катышуучуларга биринчи жардамдын туура берүүлүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук коомунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн дасыккан машыкчылары тарабынан БӨЖТ мүчөлөрүнө мастер класстар көрсөтүлдү.

Иш чаранын негизги максаты – күтүүсүз өзгөчө кырдаалдарда адамдарга жардам көрсөтүүгө, ошондой эле күнүмдүк турмуштагы кооптуу кырдаалдарда адамдын өмүрүн сактоо максатында шек санабастан аракет кылуу үчүн маалымат берилди жана Балдар өз жардам топторунун мүчөлөрү өздөрү кызыккан суроолорго жооп алып, бир канча көнүгүүлөрдү практика жүзүндө аткарып көрүштү.

БӨЖТ мүчөлөр иш чаранын соңунда кийим кечеге муктаж адамдарга өз ыктыярлары менен үйлөрүнөн ар кандай кийим кечелерди алып келишип Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрүнө тапшырышты. Жогоруда аталган уюмдун дасыккан машыкчысы Галина Глебова “Эрайым”АКБсы менен мындан ары да өнөктөш катары иштешерин кошумчалады.  

2

3

4

5

6

7

Эрлан Давлатов, Ош облусу