111.04.2019  9:56

Жаздын келиши менен ушул мезгилдин брендине айланган сүмөлөк тамагын бардык жерде кайнатышат. Бул деген ”сүмөлөктүн тилеги жакшы болот, ким сүмөлөк кайнатса, анын сообу көп” деген ниет менен бышырышат. Адатка айланып калган мындай көрүнүштөн Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагына караштуу “Периште” эне мектебинин жамааты да четте калышкан жок. Мында иштеген тарбиячылар, алардын жардамчылары өз колдору менен буудай өндүрүшүп, анан сүмөлөк бышыруунун бардык эрежелерин сактоо менен, “Уумай эненин тамагы” деп эсептелген сүмөлөктү даярдап алышты. Алардын мындай аракетине мында тарбияланып жаткан киичнекейлердин апалары да келишип, кол кабыш көрсөтүштү.

- Биздин эне мектеп “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тартып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча уюшулуп, мектепке чейинки мекемелердин аткарган милдетин жүргүзүп келе жатабыз. Адегенде ата-энелердин эсебинен иш баштасак,азыр бюджетке өтүп, жыйырмадан ашуун кыз-келин да жумуш орду менен камсыз болду. Бизде ар улуттун балдары тарбияланат. Билим берүү кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт. Ошол эле мезгилде чет тилин үйрөтүүнү да колго алганбыз. Имаратыбыз чакан, ошол эле мезгилде ыңгайлуу. Ички, сырткы жасалгаларын биздин тарбиячылар өздөрү эле жүргүзүшкөн. Бардыгы тиешелүү билимге ээ, тажрыбалуу жана изденгич, жаныны жаратууга аракет жасаган кыз-келиндер. Жүздөн ашуун бөбөктөргө билим берүү жана тарбиялоо милдетин алуу менен бирге биз ар кандай маданий-иш чараларды тез-тез өткөрүп турабыз. Сүмөлөк бышыруу иш чарабызды да эң кызыкту кылып өткөрдүк. Адегенде буудайды өндүрүп алып, андан кийин аны майдалап, сууга жууп, эки жүз литрлик казанды асып, ага май куюп, адегенде кырк токоч бышырдык. Анан даяр болгон буудайдын суусуна ун кошуп, бардык эрежелерди сактоо менен бул эң ыйык тамакты жасадык. Биздин тарбиячылар ар жылы жаз келгенде, көк чөп ката электе ушундай саамалыкы колго алышат. Казанда сүмөлөк кайнап жаткан мезгилде маданий иш чара менен коштолду. Тарбиячыларыбыз өздөрү ырдап, бийлеп, оюн уюштурушуп, келген апалар, эжелер да аларга кошулуп, бул ирмемди эң сонун өткөрдүк. Балдар да сүмөлөк эмне экендигин, ал кантип даярдалаарын карап турушту. Алардын да өнөрүнө келгендер күбө болушту - дейт, аталган эне мектептин жетекчиси Магрипа Сатыбалдиева.

2

3

1

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу