ӨЖТ Биримдигинин биргелешкен элдик майрамы
04.04.2019 15:45
Элет калкынын активдүүлүгүн көтөрүү, социалдык-экономикалык жашоо абалын жакшыртуу, демилгелерин колдоо жана жер-жерлердеги көйгөйлүү маселени калктын өзүнүн демилгеси, уюштуруусу жана катышуусу менен жөнгө салууга таасир этүү багытындагы долбоорду ишке ашырууда “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси алдыңкы сапта турат.
Аталган уюм тартып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарында алгылыктуу жумуштар аткарылып жатат. Мында эки облустан долбоорго кирген аймактарда чоңдордун Өз жардам топторунун биргелешкен иш аракеттери тууралуу көп сөз айтууга болот. Андай топко тартылган элеттик кыз-келиндер, ошол эле мезгилде мырзалар да өздөрү жашаган аймактагы чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелерди өздөрү көтөрүп чыгышып, жергиликтүү бийликтерге маалымдашып, андан соң ал көйгөйдү оң жагына чечүүгө өздөрү да катышып, салымдарын кошуп келе жатышат. Ал эми маданий иш-чарага келгенде андай топтордун уюштуруучулук жөндөмдөрү, өнөрлөрү жана таланттары ачыкка чыгат. Мына ушундай маданий иш-чараны долбоорго кирген Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагындагы “Асылзат” жана “Акыйкат” ӨЖТ Биримдиктери “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин облустагы активдеринин катышуусунда жана аталган айыл аймак менен өнөктөш катары элдик майрам уюштурушту. Жаз келип, айлана жашарып, күн узарып, кайрадан жаңы тиричилик башталганын даңазалоо максатындагы иш чарада ӨЖТ Биримдиктери боз үйлөрдү тигишип, сүмөлөк кайнатышып, ак дасторконго улуттук не деген тамактарды жайнатып, өзгөчө майрамдык маанай жаратышты. Акман айыл аймагында көп улуттун эли жашайт. Абалтан бул жердеги ынтымак, достук жана биримдик деген улуу салт бар. Бул жерде ар улуттун каада-салты, үрп-адаты жогору бааланат. Андыктан ушул күнү ар улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип, каада-салттарын жасашты. Өз эне тилдеринде ырдашып, улуттук бийлерин аткарышып, достук менен ынтымак даңазаланып турду. Акман айыл аймагынын жетекчилиги тарабынан боз үйдүн жасалгасы, улуттук тамак-аштарга, ыр-бийлердин аткарылышына сынак жарыялады. Майрам күн бою улантылып, улуу муундар менен жаш муундардын ортосундагы биримдик да даана байкалып турду.
- Биз бул иш-чараны Акман айыл аймагы менен өнөктөш катары уюштурдук. Максатыбыз элдин достугун, ынтымагын даңазалоо жана маданиятты көтөрүү. Улуттук каада-салттарыбызды кийинки муунга жайылтуу. Негизи аталган айыл аймак биздин уюм жана ал тартып келген долбоорлорго кайдыгер карашпайт. Дайыма биз менен биргеликте иш алып барышат. Элдин жакшы жашоосу, экономикалык абалдарын көтөрүу, айыл жергесиндеги социалдык маселелерди чечүү, инфраструктурасын жакшыртуу багытында биз тараптан болгон демилгени ар убак колдоого алып, анын чечүүнүн жолун издейт. Бул ирет биргеликте уюштурган маданий иш-чарабыз эл үчүн пайдалуу жана эсте калаарлык болду - деп белгилейт “Эрайым” АКБсынын Жалал-Абад облусундагы ӨЖТ тирекчиси Кишимжан Боронбаева.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу