Балчылык - кирешелүү ишкердик
25.03.2019 17.00
Үстүбүздөгү жылдын март айында Мады айылындагы “Курманжан Датка” Биримдигинин мүчөлөрү балчылык ишкердигин өздөштүрүү жана өнүктүрүү максатында демилге көтөрүшүп, Ош Малекеттик Университетинин студенттери тарабынан уюшулган “Энактус” уюмунун “Балчылык – кирешелүү ишкерлик” аталышындагы окуусуна катышышты.
Окуунун жүрүшүндө тренерлердин жардамы менен ӨЖТ биримдигинин мүчөлөрү бул ишкердикти баштоо үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр, коркунучтар бар экенин талдашып, өздөрүнүн күчтүү жана алсыз жактарына баа беришти. Талкуу убагында ӨЖТ мүчөлөрүнүн ичинен балчылык менен алектенген мүчөлөр бар экендиги дагы аныкталып, машыктыруучулардын баамында балчылык ишкердигин өздөштүрүп, өнүктүрүп кетүүгө толук мүнкүнчүлүк бар экендиги белгилүү болду.
“Бал аарыны азыктандырууга жайлоо, бак керек. Аары багуу үчүн колдонула турган шаймандарды сатып алуу мүнкүнчүлүгү түзүлсө, албетте бул пайдалуу жана кирешелүү ишкердик. Анткени сатуу үчүн базарлар жана дүкөндөр арбын, ошондой эле уюмдар менен келишим түзүү багытында ишкердикти жүргүзсөк болот. Бир гана коркунуч туура дарылоо жана сел боло турган жерге бал челектерди койбоо керек” – деди “Биримдик” мүчөсү Карынбаева Мастура.
- “Энактус” уюму “Курманжан-Датка” Биримдигинин балчылык ишкердигин баштоосуна, ишкер болжом, календардык план иштеп чыгуусуна, балчылыктын сырларын бөлүшүүгө жана эксперттик коштоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз” деп кошумчалады уюм өкүлү Сүйүнбек кызы Гүлсана.
Окуунун соңунда “Курманжан-Датка” Биримдигинин 7 мүчөсү бал челек ишкердигин өздөштүрүү жана өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
Эрлан Давлатов, Ош дубаны