125.03.2019  16:19

Кыргыз элинин абалтадан келе жаткан улуттук каада-салттарын азыркы жаштарга жайылтуу, башка улуттардын да маданиятын таанытуу максатында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча психологу Жылдыз Калдарбекованын демилгеси менен Базар-Коргон районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы жатак мектебиндеги Балдар өз жардам топторунун арасында “Чамдагыла, кыздар ай” аталышында сынак уюштурулду.

- Бул сынакты уюштуруудагы негизги максатыбыз кыздарыбызга улуттук каада-салттарыбызды, маданиятыбызды азыркы жаштарга үйрөтүү. Илимий технология тездик менен алдыга карай өнүгүү мезгилинде балдарыбыздын (кыздарыбыздын), психологиясы башка нукка бурулуп, Батыштын таасири күч болуп жатат. Интернет тармагы аркылуу туура эмес маалыматтарды алуу менен жаман жолго түшүшүүдө. Улуттук нарк-насилдерибиз колдонулбай баратат. Ошондой эле жалаң гана кыргыздын улуттук каада-салтары эмес, башка улуттун да ушундай өзгөчөлүктөрүн таанытуу болду. Аталган мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргөнү менен ал жерде ар улуттун балдары окушат. Бири-бири менен улуттук баалуулуктарыбыз аркылуу жакындаштыруу максатын көздөдүк, - дейт, уюштуруучу Жылдыз Калдарбекова.

Иш-чарага аталган мектептеги бардык БӨЖТ мүчөлөрү катышып, ал беш тапшырманы камтыды. Эң алдын өзү тууралуу улуттук каада менен тааныштыруу, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, кыз балдардын үйдөгү орду, улуттук тамак-аш жасоо, алардын үй жумуштарын аткаруусу, ийне сайуу сыяктуу тапшырмалар аркылуу сыноо, ошондой эле макал-лакап айттыруу, өнөрүн сыноо сыяктуу тапшырмалар аткарылды. Мектептин мугалимдеринен сырткары долбоордун облусттагы айрым өкүлдөрү калыстык кылышты. Натыйжада бардык тапшырмаларды так аткарып, өзүнүн өнөрүн көрсөтө алган катышуучуларга:

  1. “Ажарлуу кыз”
  2. “Жылдыздуу кыз”
  3. “Мээримдүү кыз”
  4. “Таланттуу кыз”
  5. “Шамдагай кыз”
  6. “Периште кыз” номинациялары ыйгарылды.

- Сынактын жүрүшүндө кыздар бири-бири менен жакын болууга шарт жаралды. Алар бири-бирин атаандаш катары сезбестен, тескерисинче, бири-бирине жардам беришип, бири-бирине сүрөөн берип турушту. Мурдагыдай тартынчаак, уялчаак, оюн айта албаган мүнөздөн арылгандыктарын белгилеп жатышты. Сынакта жеңүүчү жана жеңилүүчү болгон жок, достук жеңди деп белгилешти, - деди Ж. Калдарбекова.

Белгилей кетели, бул жолку сынакка долбоордун облустагы БӨЖТ тирекчиси Максат Пирматов да жардамын көрсөттү.

2

3

4

5

6

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу