112.03.2019 17.11

2019-жылдын 2-мартында №16- Абу Али ибн Сино мектебинде Шарк айыл аймагында “Шарк” Биримдигинин мүчөлөрүнүн, мектеп жамаатынын, ошондой эле Айылдык Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен уюшулган жыйын болуп өттү. Жыйынга жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү жана “Катар” фондунун өкүлү Токтосун Мураталиев катышышты.

Жыйында көп жылдардан бери коомчулуктун жүрөгүн өйүп келген жаңы мектеп салдыруу маселеси талкууланды. Шарк айыл аймагында уюшулган ӨЖТ жана БӨЖТ мүчөлөрү Айылдык Кеңешке кат аркылуу кайрылуу жолдошкон жана ага колдоо издеген Айылдык Кеңештин депутаттары Ж.Абдираимов жана Айбек Акимжанов “Катар” фондуна кайрылышкан.

Мектеп мүдүрү Ранохан Юлчиева өз сөзүндө “Мектеп таркап кетүү абалында” турат дейт. “Эрайым” АКБнин колдоосунда балдар ийримге катышат, мугалимдерибиз өтө тажрыйбалуу, билим берүү сапаты жагынан мыкты мектептерден калышпайбыз, бирок биздин мектеп эскилигинен жаңы жаш мугалимдер келип иштегиси келбейт. Мугалимдерибиздин 50 пайызы пенция жашында жана бир-эки жылда пенцияга чыгып кетишет. Ал эми жаш мугалимдер келип иштешсе балдар да жанданып жаңы толкун кирет эле ата-энелердин көбү балдарын шаарга ташып окуутуп жатат, биздин мектепте 85% орто жана турмушу начарлардын балдары калды класс жетишпейт иш чара болгондо балдарды акырын деп кыймылдарын чектеп турабыз имараттын полу түшүп кетүү коркунучу бар, жылда сырдаганда сыр жукпайт кайра- кайра актайбыз жылуулук системасы тез-тез күйүп кетет, бул чоң чыгымга алып келет” - деп көйгөйдү айтып берди.

“Катар” уюмунун өкүлү Токтосун Мураталиев: - “Биздин уюмда бала бакча жана мектептерди салуу планы бар, ошол планга мектепти курууну алдын-ала киргизүү абзел, мындан сырткары бул ишке жергиликтүү коомчулуктун, жамааттардын, сиздер менен иштешкен уюмдардын да салымы керек болот” - деген оюн билдирди.

Иш чара соңунда “Шарк” Биримдигинин мүчөсү Шаиста Латипова жаңы мектепти салуу демилгесин колдоодо коомчулукту уюштурууну, маалыматтык колдоону, долбоордун жазылышына техникалык жактан көмөктөшүүнү, керектүү жерлерге кайрылууну ӨЖТ мүчөлөрү уюштура ала турганын билдирди. Катышуучулардын арасынан жаңы мектепти салуу үчүн марафон өткөрүүгө дагы чакырык жасашты.

Жыйындын аягында “Шарк” Биримдигинин мүчөлөрү жаңы мектеп салдыруу максатында демилгелүү топ түзүүнү сунуштап, ишти мындан ары жылдыруу үчүн 11 кишиден турган демилгелүү топту жалпы добуш менен шайлашты.  

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу