- Иштеп жаткан 450 ӨЖТнан 30% ӨЖТун туруктуу өнүгүүгө жеткирүү.
- ӨЖТнун экологиялык, экономикалык, социалдык, маданий, өз кызыкчылыктары үчүн шыкактоо жана талам талашуу багыттары боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүн колдоо.
- “Эрайым” АКБси ӨЖТ ишмердүүлүгүн алып барган жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары (Айылдык Округ, Айылдык Кеңеш) менен тыгыз кызматташууну күчөтүү.
- Жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү максатында кызыктар тараптардын (жергиликтүү бийлик органдары, ӨЖТ, ДТ, ӨЭУ, КБ, ишкерлер ж.б) күчүн бириктирүү.
- Жаңы басылмаларды жана көнүгүмдөрдүн модулун иштеп чыгуу.
- Көнүгүмдөрдү, үйрөнүмдөрдү (семинар), конференцияларды, тегерек столдорду, көргөзмөлөрдү уюштуруу.
- Максаттуу топторду ар тараптан өнүктүрүүдө жайкы мектептерди жана ийримдерди уюштуруу.
- Жер такоолдорун үнөмдүү пайдалануу, аялдардын укугу, коопсуз миграция, саясий, социалдык жактан укуктардын корголушу боюнча маалыматтарды (брошюра, баракча, таркатмалар) таркатуу.