25.02.2014, 14:29

Жалал-Абад, 25-февраль /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чыңдоо» аталышындагы долбоор ишке ашууда.

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупованын берген маалыматына караганда, бул долбоор Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык округунда жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон округун камтыйт. Бул долбоордун негизги максаты – аталган аймактарда элдердин достугун, биримдигин чыңдоо үчүн Азия элдеринде илгертен колдонулуп келген өз ара жардамдашуу топторунун иш-аракетин күчөтүү жана топтун мүчөлөрүнө психологиялык колдоо көрсөтүү менен долбоордун керектөөчүлөрүнүн социалдык саясий иш-аракеттерин, маалыматтарын жеткирүү жагын колдоо болуп саналат.

«Коомдук бирикмени Германиялык «Дүйнөгө нан» эл аралык уюму каржылайт. Аталган доолбордо Базар-Коргондо жана Достук кичи шаарчасында балдардын дараметин көтөрүү боюнча англис тили, компьютер, бий, улуттук аспап, кол өнөрчүлүк ийримдери уюштурулууда», - дейт Р.Жусупова.

Макаланын булагы: КАБАР