Тренинг «Правильное питание и предупреждение заболеваний»
14.09.2022 10:56
“Эрайым” уюму тарабынан Германиянын “Brot für die Welt” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Салттуу жана заманбап ыкмаларды айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндөгү элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин чыңдоо” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы балдар өз жардам топторунун мүчөлөрү үчүн «Туура тамактануу жана ооруларды алдын алуу” көнүгүмү уюштурулду.
Көнүгүмдү «Эрайым» уюмунун тренери Алтынай Сабырбекова Абу Али ибн Сино атындагы №16 мектепте өткөрдү, ага 16 балдар өз жардам тобунун 141 мүчөсү катышты.
Көнүгүмдүн жүрүшүндө туура тамактануу жана ден соолукту чыңдоо маселелери каралды. Көнүгүм теория жана интерактивдүү форматта, жеке жана топтук иштер менен коштолду. Катышуучулар мээнин эффективдүү иштеши үчүн кандай тамактарды жеш керек экенин талдап, ошондой эле ден соолук пирамидасы, ден соолукту сактоо үчүн күнүнө керектелүүчү тамак-аштын үлүшү тууралуу талкуулашты. Топтук иштерде алар “ден соолук пирамидасын” тартышты. Көптөгөн катышуучулар этти көп пайдалануу инсандын иммундук системасын бекемдейт деп ишенимде экен байкалган. Тренер катышуучулар менен биргеликте аз кандуулук (анемия), аллергия, Альцгеймер, Паркинсон, кургак учук, диабет, гастрит ж.б ар кандай оорулардын түрлөрүн талкуулашты. Көнүгүм ар бир катышуучу үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду. Катышуучулар өткөрүлгөн көнүгүмгө канааттангандарын билдиришти жана алган маалыматтары жана билими менен теңтуштары жана жакындары менен бөлүшүүгө даяр экенин белгилешти, аны менен бирге сергек жашоо образын жайылтууну максат кылышты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу