logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Биргеликте иштөө - ийгиликти жаратат

121.01.2022   10:43

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагы менен Базар-Коргон шаарынын тургундарынын жашоосуна жакшы таасир этип, жашоо нугун жакшы жакка бурууга өбөлгө болуп жатат.

Айрыкча жергиликтүү тургундардан куралган өз жардам топторунун активдүүлүгү күчөп, алар өздөрү жашаган аймактардагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, аны чечүүнүн жолун издеп келишет.

2020-2021-жылдардагы долбоор ишке ашып жаткан аймактардагы “Ак-Тилек”, ”Акыйкат”, ”Асылзат” ӨЖТ Биримдиктери жети орчундуу маселени жергиликтүү жетекчилерге жана жергиликтүү депутаттардын кароосуна сунушташкан. Ошол маселелердин аткарылышы боюнча 2021-жылдын 11-12-ноябрь күндөрү атайын жыйын өттү. Ага Акман айыл аймагы менен Базар-Коргон шаарынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук уюмдар, коомчулук катышты. Бул маселелер дээрлик аталган аймактардын 2018-2023-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген. Жыйында сунуштар боюнча талкуу болуп, анын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчылары, депутаттар тарабынан ӨЖТруна, ӨЖТ Биримдиктерине колдоо болоорун жана чогуу иш алып барууга даяр экендиктерин белгилеп кетишти. Аталган иш чаранын максаты жергиликтүү бийлик менен чогуу иш алып баруу жана аткарыла элек сунуштарды 2022-жылга чогуу уюштуруп, иш жүзүнө ашыруу болуп саналат.

2

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru