112.12.2020   10:40

Учурдун талабына жараша өлкөдө медиация борборлоруна кайрылгандардын саны көп, анткени көпчүлүк жарандар өзүнүн чечилбей келген көйгөйлөрүн чыр-чатаксыз чечүүнү каалашат. Медиация – талаш-тартышты үчүнчү калыс бейтарап жактын-медиатордун кийгилишүүсү менен сотко жеткирбей чечилүүсүнүн эң жумшак формасы болуп эсептелет.

Ал эми медиациялык жардам берүүдө талашып-тартышуучу тараптардын убакытын, акчасын жана эмоционалдык күчүн үнөмдөөгө көмөк көрсөтүү максатында ушул жылдын 3-декабрь күнү түштүктөгү Улуттук Медиация бөлүмүнүн башчысы Авазбек Шамшиевдин демилгеси менен Ош шаардык сотунун мекемесинде атайын медиациялык бөлмө ачылды.

Ага тажрыйбалуу медиаторлордон Тамара Токтосунова, Салия Тайлакова баштаган бир топ өкүлдөр жана “Эрайым”АКБси тарабынан атайын тандалып алынып, окуулардан өтүп даярдалган медиаторлордон Дилфуза Анарбаева, Дилшод Кадирходжаев, Кыял Мамажанова, Гүлкайыр Жолдубаева жана аталган уюмдун Ош облусу боюнча ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева баштаган кызматкерлер катышышты.

Мындан ары жаңыдан ачылган медиациялык бөлмө өз ишин баштап, кардарларды кабыл алып, аларга жардам берүүдө “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташууга жана чогуу иш алып барууга даяр экенин медиациялык бөлүмдүн башчысы Авазбек Шамшиев билдирди.  

2

3

4

Эрлан Давлатов, Ош облусу