21.02.2014 10:03

Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана биримдикти чындоо» аталышындагы долбоор «Эрайым» аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашууда, деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

«Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Жусупова Ракыянын айтымында, бул долбоор Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык округунда жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон округун камтыган. Долбоордун максаты - аймактарда элдердин достугун, биримдигин чыңдоо үчүн Азия элдеринде илгертен колдонулуп келген өз жардам топторунун иш-аракетин күчөтүү жана топтун мүчөлөрүнө психологиялык колдоо көрсөтүү менен долбоордун керектөөчүлөрүнүн социалдык саясий иш-аракеттерин жана маалымат жеткирүү жагын колдоо.

Аталган долбоорго Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева келип катышты. Коомдук бирикменигерманиялык «Дүйнөгө нан» эл аралык уюму каржылайт. Аталган доолбордо Базар-Коргондо жана Достук кичи шаарчасында балдардын дараметин көтөрүү боюнча англис тили, компьютер, бий, улуттук аспап, тайицзи, кол өнөрчүлүк ийримдери уюштурулду.

Макаланын булагы: Turmush