Базар-Коргон районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы жатак-мектепте Жалал-Абад облустук аялдардын «Эрайым» коомдук бирикмеси уюштурган достук фестивалы болуп өттү.

Бул тууралу аялдардын «Эрайым» коомдук бирикмесинин Жалал-Абад областындагы координатору Кишимжан Боронбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, фестииваль - достукту чыңдоо, улуттар аралык биримдикти бекемдөө максатын көздөдү. Германиянын «дүйнөгө нан» эл аралык уюму каржылаган «Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүк жергесинде достукту жана ынтымакты чыңдоо» деген долбоордун алкагында уюшулган фестивалда жатак-мектепте өз ара жардам топтору концерт коюшуп, улуттук тамак-аш менен кийим-кечелердин, үрп-адат, салт-санаалардын көргөзмөсү болду.

Источник: TURMUSH АКИpress