Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.02.2015 17:38

Turmush - Кыргыз Республикасынын этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Жалал-Абад областында «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин «Достук мектеп радиосу» долбоору иштей баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Долбоор Базар-Коргон районундагы Ө.Атабекова атындагы № 30 орто мектепте жана ушул эле райондун Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия-мектеби менен Жалал-Абад шаарындагы №7-орто мектепте ишке ашырылат.

Долбоордун координатору Алтынай Сабырбекованын айтымында, долбоордун 1-этабында аталган ар бир мектептен 15тен окуучу кастинг жолу менен тандалып алынды. Жабдыктар келди.

Ушул эле долбоорго Ош облусунун Кара-Суу районундагы Абу-Али-Ибн-Сино жана Маткаримов атындагы эки мектеп да кошулган. Долбоордун максаты - улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, балдар арасында биримдик менен достукту бекемдөө, окуучуларды маалымат менен камсыздоо болуп саналат.

Булак: TURMUSH АКИpress