BakaiataSMIonas0

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесин тренери Кошумбаев Абдылас бирикменин жасаган иштери боюнча толук маалымат берди. Бакай-Ата айылынын тургундары, жашоочулары сурангандарынан “Арыш” коомдук бирикмеси 2003-жылдары келип маалымат берип кетишкен. Кийин “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызстандын 78 айылынан долбоор алып, өз жардам түзүү боюнча Бакай-Ата айылынын координаторлорун даярдаганбыз, Мамбеталиева Келсинбү биздин окутуу деңгээлден өткөрүп бул жерден өз жардам топторун түптөшкөн. Бүгүн Бакай-Ата району, кэчээ күнү Манас районуна барып келдик баары биригип 27 топту түзөт экен.

Келечектеги өз жардам топторунун биримдигин түзөбүз деп келген жатабыз эң негизгиси өз жардамдын тобунун максаты айылдагы экономикаларды өнүктүрүп башка жана өкмөттүк уюмдар менен өнөктөш катары кыргыздын каада-салтын таанытып биргелешип иштейин деп жатабыз, ошондой эле өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү чечкенге аракет кылып жатабыз.

BakaiataSMIonas1

Биздин уюм көбүнчө маалыматтык колдоо жана кичи каржылоо берип колдоо көрсөтүп турабыз. 6 айлык долбоордун ичинде Бакай-Ата айылынын ӨЖТлардын (өз жардам тобу) башын бириктирип өз көйгөйлөрүн өз колдору менен өздөрү чечип багыт бергени келдик.

Ачакова Саада мындай жасаган иштерин толугу менен айтып кетти. «Мен “Киреше” өз жардам тобунун мүчөсүмүн, лидеримин биз 2006-жылдан бери иштеп келе жатабыз өзүбүздүн ортодогу акчабыз юар. Биз өз жардам топтору менен өзүбүздүн көчөбүзгө трансформатор койдурдук, свет койдуруп алдык, балдардын күнүнө бала бакчага барбаган балдарга майрам уюштуруп Ноорузда өзүбүздүн көчөбүзгө кыргыздын салт санааларын жайылтып жатабыз, мындан кийин эл үчүн чоң долбоорлорго кирип иштерди жасайын деген ойубуз бар.

BakaiataSMIonas2

Бул долбоордо 2006-жылы “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин тарабынан уюштурулуп Чүй обласындагы Воронцовка айылында 12- күндүк окуудан өтүп келгенден кийин, өзүбүздүн Бакай-Ата айылына 9 топ түзүп Покровка айылына 7 топ түзгөнбүз азыркы убакытка чейин 27 топ түздүк. Миң-Булак айылына 2 топ жана Ак-Дөбө айылында 2 топ түздүк азыр ӨЖТүнүн долбоору менен иштеп жатабыз. Келечекте биздин максатыбыз биримдикке келүү ар бир айыл боюнча 4-5 топтон биригип андан кийин концепция иш районундагы көйгөйлүү маселелерин шыкактоо (лоббирование) менен иш долбоору менен жардам берүү», топтун мүчөсү Мамбеталиева Келсинбү.

BakaiataSMIonas3

Даярдаган: Айпери Орозалиева

Булак: kyrgyzmedia.com