logos

 

 

"ЭРАЙЫМ" АЯЛДАР КООМДУК БИРИКМЕСИ

 

"Жакшы жашоо үчүн!"

Дильнозанын маселеси оң жагына чечилди

1115.03.2021   10:28

Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну Астанакулова Дильноза өткөн жылдын ноябрь айында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусу боюнча долбоор юристи Гүлнара Ташиевага кайрылган.

Анын жолдошу үч жыл мурда Россияга иштегени кеткен. Бирок, ал үй-бүлөсүнө каралашпай, акча да жөнөткөн эмес. Ортодо бир уулу бар. Айылга турак жай да салышкан эле. Дильнозанын юристке кайрылгандыгынын себеби, экөөнүн ортосунда нике тууралуу күбөлүк да болгон эмес. Ал керектүү документтерди кантип топтоо керектигин да билбейт. Жолдошу менен ажырашып,ортодогу мүлктү бөлүү сыяктуу майда-барат маселени мыйамдуу чечүүнүн жолун издеп, бир канча жерлерге барган. Бирок, ага тиешелүү жардам жана жооп болгон эмес. Ошондуктан юрист Гүлнара айым адегенде ишти миграция кызматынан баштады. Алардын жардамы менен Россияда жүргөн Дильнозанын жолдошу менен байланышты, сүйлөштү. Ал ажырашуу тууралуу эч кандай ою жок экендигин, аялына жана баласына жардам бере албай жаткандыгынын себеби, Россияда да анын иши жакшы жүрүшпөй, тапкан акчасы өзүнүн жашоосуна араң жетип жаткандыгын айткан. Демек, эки жаштын бирге жашоолоруна боло тургандыгын тастыктаган соң, керектүү документтин бардыгын толуктоого, даярдоого жардам берди. Эми аны жолдошу Россияга алып кете турган болду. Бул жерде юрист медиация ыкмасын колдонуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

- Кардарлар менен жалан мыйзамдуу жол менен сүйлөшөм же анын маселесин чечем десең, кээде иш оң жагына чечилбей калган учурлар да болот. Ошондуктан медиация ыкмасы абдан керек болот. Дильноза биротоло жолдошу менен ажырашууга өзүн толук кандуу даярдап алган экен. Сыягы үч жыл аралыгында катуу кыйналган. Ал моралдык жактан да,материалдык жактан да запкы жеген. Ошондуктан ажырашуу аркылуу гана маселени чечем деп калган экен. Аны менен көп жолу бетме-бет олтуруп маек курдум, түшүндүрдүм. Ортодогу уулунун тагдырын, өзүнүн тагдырын ойлоп, кийинки келечекке туура көз чаптырууга чакырдым. Жолдошу менен да ушундай эле ыкма менен телефон аркылуу сүйлөшүп, юрист гана эмес, калыс адам катары акыл-насаатымды айтып, акыры маселе оң жагына чечилди. Жакында Дильноза Россияга барат. Алар жашоолорун бирге улантышат-дейт, Гүлнара айым.

11

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу  

Youtube баракчабыздан көрүңүз

Галерея

2

Достор менен бөлүш

Аба ырайы

Кыргызстандагы аба ырайы
logo BftW
australian aid blue and red
Erayim Aid Trust UK  ASA Desktop
logo GAMSUMO ru